Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун К тайпасында Өзбекстан менен Конго курама командаларынын беттеши аяктады.
Оюн АКШнын Атланта шаарындагы «Мерседес-Бенц Стэдиум» стадионунда өттү. Беттеш 3:1 эсебинде африкалык команданын жеңиши менен аяктады.
Өзбекстандын жалгыз голун Элдор Шомуродов киргизди.
Тайпалык баскычтын жыйынтыгында Конго төрт упай менен К тайпасында үчүнчү орунду ээлеп, өз тарыхында биринчи жолу Дүйнө чемпиондугунун плей-офф баскычына чыкты. Ал эми Өзбекстан үч беттеште тең жеңилип, мелдештеги жүрүшүн аяктады.
Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу 11-июндан 19-июлга чейин АКШ, Канада жана Мексикада өтүүдө.