Синоптиктер билдиргендей, эртең, 29-июнда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан-чачын күтүлөт.
Бишкек жана Ош шаарларында күн ачык болуп, абанын табы +37, +38 градуска чейин жетет.
Аймактарда абанын температурасы:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +18... +23, күндүз +35... +40;
- Талас жергесинде түнкүсүн +14... +19, күндүз +27... +32;
- Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +19... +24, күндүз +35... +40;
- Нарын аймагында түнкүсүн +7... +12, күндүз +26... +31;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10... +15, күндүз +26... +31,
- Бишкек шаарында түнкүсүн +21... +23, күндүз +35... +37 градус ысыйт.