Бишкекте өткөн төкмө акындардын республикалык «Ар кыргыз болсун өргөлүү – акындын калсын өрнөгү» аттуу айтышта Нурсултан Малдыбаев баш байгени жеңип алды.
Иш-чара кечээ, 27-июнда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөн.
Калыстар тобунун чечими менен:
- I орун – Нурайым Бактыяр кызы
- II орун – Идрис Айтбаев
- III орунга – Манатай Бектурсун уулу ээ болду.
Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар жана дипломдор тапшырылды.