Биз социалдык тармакта

Таш-Көмүрдө "Шахтёр" стадиону пайдаланууга берилди (сүрөт)

Таш-Көмүр шаарында кечээ, 27-июнда "Шахтёр" стадионунун ачылыш аземи өттү. Ага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө курулуш министри Нурдан Орунтаев долбоордун ишке ашырылышы тууралуу маалымат берди.
1963-жылы курулган стадион капиталдык реконструкциядан өтүп, 3975 көрүүчүгө ылайыкталган заманбап аренага айланды. Анда трибуналар, жарыктандыруу, жасалма газон жана спортчулар үчүн бардык зарыл инфраструктура жаңыланды.
Иш-чаранын соңунда Биринчи лиганын кубогу алкагында “Шахтёр” жана “Базар-Коргон” командаларынын ортосундагы оюн орун алды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан