Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Манас шаарындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу модернизацияланган «Манас паркы» менен таанышып чыкты.
Долбоордун алкагында 27 заманбап аттракцион, 9D кинотеатр, балдар, спорт жана воркаут аянтчалары, амфитеатр, кафе, дүкөндөр жана видеокөзөмөл орнотулду. Аймак толугу менен көрктөндүрүлүп, жарыктандыруу жана ирригациялык система жаңыланды.
Парк күнүнө 3000 кишиге чейин кабыл алууга ылайыкташтырылган. Долбоордун ишке ашырылышы менен 100 жаңы жумуш орду түзүлдү.