Бүгүн, 28-июнда курулуш министри Нурдан Орунтаев Манас шаарында курулуп жаткан жаңы мектептердин курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди.
Ал жерде министр курулуштун сапатына, колдонулуп жаткан курулуш материалдарына жана иштердин жүрүшүнө баа берип, курулуш темпин күчөтүү жана объектилерди белгиленген мөөнөттө сапаттуу бүтүрүү боюнча подрядчы уюмдарга эскертүү берди.
Белгилей кетсек, Манас шаарында республикалык бюджеттин эсебинен жалпы 6 мектеп курулууда.
- Көк-Арт аймактык башкармалыгынын Ак-Тилек жаңы конушундагы 375 орундуу мектеп;
- Курманбек аймактык башкармалыгы, Мамбеталиев көчөсүндөгү 750 орундуу мектеп;
- Тайгараев аймактык башкармалыгы, Чолок-Терек айылында жайгашкан Идирисова атындагы 375 орундуу мектеп;
- Спутник аймактык башкармалыгы, Манас проспектиси, 13 дарегиндеги 530 орундуу мектеп;
- Достук аймактык башкармалыгы, Фурманов көчөсүндөгү №5 Б. Осмонов атындагы 375 орундуу мектеп;
- Достук аймактык башкармалыгы, Тыныстанов көчөсүндөгү №21 Ж.Болотова атындагы 375 орундуу мектеп.