Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү максатында Бишкек шаарында турак жайларды жаңылоо жана көрктөндүрүү боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлүүдө.
Мэриянын маалыматы ылайык, ар бир объект боюнча алдын ала түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ал эми бекитилген талаптарды бузуу менен орнотулган объекттердин жана конструкциялардын ээлерине аларды демонтаждоо зарылдыгы жөнүндө белгиленген тартипте билдирүүлөр берилүүдө.
Учурдагы этапта иштер шаардын төрт районундагы негизги көчөлөрдү камтыйт:
Ленин району - Чүй проспекти, Чыңгыз Айтматов проспекти, Манас проспекти, Дэн Сяопин проспекти, Юлий Фучик проспекти.
Свердлов району - Абдрахманов көчөсү, Жибек-Жолу проспекти, Жумабек көчөсү.
Октябрь району - Байтик баатыр көчөсү, 8 жана 9-кичи райондор, Чыңгыз Айтматов проспекти, Совмин конушу.
Биринчи Май району - Манас проспекти, Чыңгыз Айтматов проспекти, Москва көчөсү, Жибек-Жолу проспекти, Медеров көчөсү, Абрахманов көчөсү, Байтик баатыр көчөсү, Жаш Гвардия бульвары.