Социалдык тармактарда өлкө башчы Садыр Жапаровдун Ысык-Көлдүн жээгинде велосипедге таяна туруп алып, көйгөй чечип жаткандагы видеосу тарады.
Андан президенттин жээкте кайрымак салып отургандар менен сүйлөшкөнүн көрүүгө болот. Андан соң мамлекет башчынын тартылган видеосу WhatsApp тайпасына жөнөтүлүп талкуу болгон. Тайпада балыкчылар Садыр Жапаровго балык кармоо акысы кымбат болуп жатканын айтышканы баяндалган. Талкууга катышкандардын бири президент ошол жерден эле бир адамга чалып, бааны төмөндөттүргөнүн айтат.