Биз социалдык тармакта

ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 29-июндан 5-июлга чейин

КОЙ
(21.03–20.04)

Бербейт деп үмүт үзүп койгон адам карызын берип таң калдырышы мүмкүн. Азыркы бараткан багытым туурабы, бир нерсе өзгөртүүм керек эмеспи деген сыяктуу күмөн ойлор жаралат. Санааркабаңыз, көп өтпөй туура жолдо экениңизди далилдей аласыз. Жумуш которуунун кереги жок, сиз үчүн башка жакшы вариант азырынча чыкпайт. Бул аптада физикалык активдүүлүктөн качыңыз, андан да учтуу нерселерди абайлап колдонгонуңуз оң. Аптанын экинчи жарымы позитивдүү маанайда өтөт.

БУКАЧАР
(21.04–20.05)

Өзүңүздүн күчүңүздү ашыкча элестетип албаңыз, энергияңызды баарына тегиз жеткидей бөлүштүрүү керек. Болбосо аптанын аягына жетпей чарчап каласыз. Тойго барууга “артист” көйнөк издеп, айтор, жагымдуу даярдыктар орун алмакчы. Тойдун аркасы менен имиджге өзгөртүү киргизип, чач жасалганы да өзгөртүп салсаңыз болот. Жума, ишемби сиз менен талашып-тартышкандар чыгат, жеңиш сиз тарапта болмокчу. Апта соңу алдын ала пландалгандай өтмөкчү.

ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)

Ири буюм, кыймылсыз мүлк сатып алууга ыңгайсыз убакыт, ал эми косметика, парфюмерия, кийим-кече сатып ала берсеңиз болот. Маанилүү иштер болсо, шейшемби күнгө пландаңыз, бул күнү ийгилик сиз тарапта болот дешет жылдыздар. Сүйүүдө башканын ыңгайына эмес, өзүңүздүн ыңгайлуулукка карап түгөй тандаган туура. Жумушта жасаган эмгегиңизге жараша сый акы алып кубанасыз. Ысыктан качып дем алыш күндөрдү табият коюнунда өткөрүү сунушталат.

БӨЙӨН
(22.06–22.07)

Бөйөндөр үчүн ийгиликтүү күндөрдүн убактысы уланат бул аптада да. Жумушка да, үйгө да, сыртка да жетишесиз. Бир эмес, бир нече жакшылыктарга, тойлорго баш багууңуз мүмкүн. Буга жараша капчыгыңыз да жукарат, бирок кийин ордун толуктай аласыз, кайгырбаңыз. Романтикалык жашоодо сиз башкы каарман болосуз, баары ойдогудай орун алмакчы. Бойдоктор эл көзүндө, шайыр-шат жүрсө мүмкүнчүлүк жаралат. Жумушта эки тизгин, бир чылбырды колго алып лидерлик кылсаңыз жарашат.

АРСТАН
(23.07–23.08)

Бул аптада анчейин активдүү боло бербеңиз. Инсандык жактан өсүүгө, жаңыланууга энергия коротконуңуз жакшы. Эртең деп жылдырган хоббилерди жандантуу керек. Өзгөчөлүк киргенде гана жашоого позитивдүү маанайда карап, жаңы ачылыштарга, тоону томкорууга даяр болосуз. Сүйүү планында түгөйүңүз менен көбүрөөк убакыт өткөрүү сунушталат. Ал эми бойдок арстандар шашып үй-бүлө куруу чечиминен сак болушу керек. Организм уйку жана эс алуу жетишсиздигинен кабар бериши ыктымал.

БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)

Дүйшөмбү, шейшемби күндөрү өнөктөштөр менен жолугушууларды уюштуруу, кесиптештер менен сүйлөшүп маселелерди чечүү сыяктуу олуттуу көйгөйлөрдөн арылууга ыңгайлуу. Апта ортосу сизге материалдык пайда алып келе турган сунуш аласыз. Достуктан махабат оту тутанышы мүмкүн дешет жылдыздар, андыктан дос болуп жүргөн адамга башкача көз кырыңызды салып көрүңүз. Интернеттен соода кылбаңыз, алданып каласыз. Дем алыш күндөрү достор менен жолугууга убакыт бөлүңүз.

ТАРАЗА
(24.09–23.10)

Карьераңызга байланыштуу өзгөрүү күтүлгөн апта. Өзгөчө кол өнөрчүлүк, ашпозчулук, тикмечилик менен алектенгендерге ири суммада буюртма түшүүсү күтүлөт, профессионал экениңизди далилдөөгө даяр болуңуз. Жумушка байланыштуу жеке жашоого убакыт жетпей жаткандай сезилиши мүмкүн. Өзүңүздүкүнө кошо жакындардын эс алуусуна акча коротууңуз мүмкүн. Апта аягын үй тиричилигиндеги бүтпөгөн жумуштарды жасоо менен өткөрүшүңүз күтүлөт.

ЧАЯН
(24.10–22.11)

Философияга, руханий баалуулуктарга умтулган, көп ойлонгон апта күтөт чаяндарды. Маселелерге жеңил карап, тең салмактуулук кармап чечкенге үйрөнөсүз. Кыялданганды унутпаңыз, ишке ашпайт деп эч ким кепилдик бербейт. Апта ортосу окуганга, жаңы нерсе үйрөнгөнгө ыңгайлуу. Жумушта эксперт же тажрыйба менен бөлүшүүчү, үйрөтүүчү мугалимдик ролду аркалашыңыз мүмкүн. Финансылык чыгым алыска жолго чыгышыңызга байланыштуу болушу ыктымал.

ЖААЧЫ
(23.11–21.12)

Дүйшөмбүдөн башка күндөр ойдогудай өтөт. Дүйшөмбү жумушта чыңалган абал жаралуусу мүмкүн. Профессионалдуулук менен баарын чече аласыз. Эсеп-кысап иштеринде так болуңуз, сизди алдап кеткиси келгендер болушу мүмкүн. Көпчүлүктүн алдында сүйлөп, сиздин сөзүңүзгө таасирленгендер болот. Түгөйлүүлөрдө мамиленин бекемдигин сыноочу жагдайлар жаралышы мүмкүн, негизгиси алдамчылыкка жол бербеңиз. Ал эми бойдокторду бир көрүп сүйүү сезими тосуп алат.

ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)

Текечерлер үчүн иштешүү убактысы. Буга чейин ким менен иштешсем деген суроолор чечилет, жамааттык иштешүү жакшы жыйынтык алып келет. Жеке жашоодо гармония орун алат, ошентсе да түгөйүңүзгө камкор болгонду унутпаңыз, жообун аласыз. Жүрөгү бошторго сүйүүгө жүрөгүн ачып, көпчүлүк топтолгон жайларда көп болуу сунушталат. Баш оорусу жаныңызды кейитиши мүмкүн, алдын алып врачка барып, бир курс дарыланып коюу сунушталат. Дем алыш үй тиричилиги менен өтөт.


Уландысы шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан