Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Үч-Эмчек айылында жайгашкан бала бакча 1992-жылы мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткен.
Башкы прокуратурадан билдиришкендей, көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында 20 миллион сомго бааланган бала бакчанын имараты менен жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.