Ысык-Көлдө туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери жүрөк жылыткан иш кылышты.
Облустук милиция кабарлагандай, Орусиядан телефон чалган айым бир жумадан бери Чолпон-Ата шаарында жашаган чоң энеси менен байланыша албай жатканын билдирген. Айтылган дарекке барышкан милиция кызматкерлери улгайган аялдын үйүндө аман-эсен экенин такташкан.
Ал телефону бузулуп калгандыктан жакындары менен байланышка чыкпай калган. Мындан улам милиционерлер аны жакындары менен байланыштырып, алардын санаасын тынчытышкан. Мындан тышкары, кызматкерлер жаңы телефон сатып алууга көмөк көрсөтүшкөн.