16-июлдан тартып "Асман эйрлайнс" авиакомпаниясы Баткен - Тамчы - Баткен багыты боюнча түз аба каттамдарын ишке киргизет.
Маалымдалгандай, каттамдар ар бейшемби күнү күндүн биринчи жарымында аткарылат. Учуу убактысы 1 саатты, ал эми билеттин баасы бир тарапка 6 миң 500 сомду түзөт.