Биз социалдык тармакта

"Таятамдын колдоосу чоң..." ЖРТдан жогорку балл алып, унаа уткан Залкар менен маек (видео)

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы миңдеген бүтүрүүчүлөрдүн эмгегине баа берип, мыктыларды аныктады. Быйыл билимге умтулган жаштарды шыктандыруу максатында айрым аймактар өзгөчө демилгелерди көтөрүштү. Алардын бири – Базар-Коргон району. Бүгүн, 29-апрелде райондо ЖРТдан эң жогорку балл топтогон бүтүрүүчүгө жеңил унаа белекке берилип, мындай сыйлык билимге болгон кызыгууну арттыруунун символуна айланды. Бул белекке ээ болгон Базар-Коргон шаарындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектеп-гимназиянын бүтүрүүчүсү Залкар Раимжанов SUPER.KG порталына маек куруп, алган таасири жана келечек пландары тууралуу айтып берди.

Ал Көк-Алма айылында төрөлүп, балалыгы ошол айылда өткөн. Кийин Кара-Ой айылындагы тага журтуна көчүп келип, Жолдош Жусубали уулу атындагы мектеп билим уясында 9 жыл билим алган.

Акыркы жылдары Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектеп-гимназияда окуп, быйыл сыймыктуу бүтүрүүчү катары мектепти аяктады. Ал жалпы республикалык тестирлөөдөн 215 балл топтоп, жогорку жыйынтык көрсөттү. Кошумча предметтерден да жакшы көрсөткүчкө жетишип, математикадан 109, англис тилинен 81 балл алган.

- Залкар, куттуктайбыз! ЖРТдан райондогу эң жогорку упайды алып, демөөрчүлөрдүн белеги болгон унаанын ээси болупсуң. Мындай сыйлыкты күттүң беле? Учурда кандай сезимдесиң?

- Чоң рахмат! Азыркы сезимимди сөз менен жеткирүү кыйын. Чынын айтсам, мындай чоң белекке ээ болом деп күткөн эмесмин. Анткени биздин райондо билимдүү, күчтүү атаандаштар көп эле болчу. Ошондуктан жеңүүчү болуу мен үчүн күтүүсүз жаңылык болду. Бул ийгилигиме абдан кубанып турам. Эң башкысы, билим алган жаштарды колдоп, мындай мүмкүнчүлүк түзүп берген демөөрчүлөргө терең ыраазычылык билдирем.

- Унааны өзүң айдайсыңбы же жакындарыңдын бирине белек кыласыңбы?

- Бул унааны таятама белек кылууну чечтим. Анткени кичинекей кезимден бери үй-бүлөмдөгү жакын адамдарга эң баалуу белек тартууласам деп кыялданчумун. Таятам мени дайыма колдоп, дем берип келген адам. Ошондуктан бул белек эң биринчи ага татыктуу деп эсептейм.

- Район боюнча эң жогорку упай топтодуң. ЖРТга канча убакыт даярдандың жана күнүнө канча саат бөлчүсүң?

- Мен ЖРТга дээрлик эки жыл даярдандым. Даярдыкты 10-класстан эле баштагам. Атайын курстарга барып, мугалимдер менен кошумча сабактарга катыштым. Орточо эсеп менен күнүнө 4–5 саат даярданчумун. Албетте, кээ бир күндөрү көбүрөөк, кээ бир күндөрү азыраак окуган учурлар болду. Бирок мүмкүн болушунча убактымды туура пайдаланып, даярдыкты үзгүлтүккө учуратпоого аракет кылдым.

- Келечекте кайсы окуу жайга тапшырып, кандай кесиптин ээси болууну максат кылып жатасың?

- Келечекте Кыргыз-Түрк "Манас" университетине тапшырууну көздөп жатам. Маалыматтык технологиялар тармагына кызыгам. Ошондуктан IT адиси болуп, заманбап технологияларды өнүктүрүүгө өз салымымды кошсом деген тилегим бар.

- Кийинки бүтүрүүчүлөргө кандай кеңеш берет элең? Жогорку упай алуу үчүн эмнелерге көңүл буруу керек?

- Биринчи кезекте даярдыкты мүмкүн болушунча эрте баштоо керек деп ойлойм. Ийгилик бир күндө келбейт, ага туруктуу эмгек менен жетишүүгө болот. Бош убакытты текке кетирбей, ар бир күндү пайдалуу өткөрүү маанилүү. Телефон жана социалдык тармактарга алаксыбай, өзүн өзү башкара билүү да чоң роль ойнойт. Эң негизгиси аракетти токтотпоо жана өзүңө болгон ишенимди жоготпоо. Ошондо сөзсүз жакшы жыйынтыкка жетүүгө болот.

- Маек үчүн ыраазычылык билдиребиз! Кадамың байсалдуу болсун.

"Таятамдын колдоосу чоң..." ЖРТдан жогорку балл алып, унаа уткан Залкар менен маек
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан