Кыргызстанда биринчи жолу толук метраждуу анимациялык фильм тартылды. Бул туурасында “Айтыш Фильм” киностудиясынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, тасма “Аку” деп аталып, бир бала жана бир кыздын тагдырын баяндайт. Аны жаратууга жалпы 3 жылдан ашык убакыт кеткен.
Бүгүн, 29-январда SUPER.KG порталына фильмдин режиссёру Төлгөбек Койчуманов “Тасманы жаратууда атайын адистердин жоктугу кыйынчылыктарды жаратты. Учурда аны аяктоо этабында турабыз. Буйруса ушул жазда коомчулукка тартуулайбыз” деп маалымдады.