
Кыргызстанда 1-сентябрдан тарта мамлекеттик сектордо эмгектенген кызматкерлердин эмгек акысы жогорулатылат. Бул тууралуу өлкөнүн Каржы министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматына ылайык, өзгөртүүлөр эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүүгө, кызматкерлердин социалдык корголушун күчөтүүгө жана мамлекеттик органдардын кадрдык потенциалын бекемдөөгө багытталган. Айлыктарды жогорулатуу президенттин тиешелүү жарлыктарына ылайык ишке ашырылат.
Жаңы чечимге ылайык, мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын техникалык жана кенже тейлөөчү персоналынын, ошондой эле жалданма жана жарандык кызматкерлердин айлыгы 50 пайызга чейин көбөйөт.
Мындан тышкары, иштин татаалдыгы, сапаты, жетишилген жыйынтыктар, кесиптик демилге жана нормадан ашык иш убактысы үчүн төлөнүүчү кошумча үстөк акылар да 50 пайызга чейин жогорулатылат.
Айрым ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдүн кызматкерлери үчүн ай сайын 15 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөм да киргизилет.
Бул чараларды ишке ашырууга республикалык бюджеттен кошумча каражат бөлүнөт. 2026-жылдын аягына чейин айлык акыларды көтөрүүгө 2 миллиард 860,4 миллион сом каралса, 2027-жылдан тарта жыл сайын 8 миллиард 203,5 миллион сом бөлүнөрү айтылды.
Каржы министрлиги эмгек акыны жогорулатуу мамлекеттик кызматкерлердин социалдык абалын жакшыртып, мамлекеттик кызматтын кадыр-баркын көтөрүүгө жана башкаруу системасынын натыйжалуулугун арттырууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.