Бишкектин Биринчи Май райондук соту борбор калаада митинг өткөрүүгө коюлган чектөөнү узартуу тууралуу чечим кабыл алды. Маалыматты шаардык соттун басма сөз кызматы тастыктады.
Маалым болгондой, 25-июндагы соттун чечимине ылайык, митингдерди өткөрүүгө тыюу салуу 21-августтан 30-сентябрга чейин күчүндө болот.
Буга чейин президенттин администрациясынын, Жогорку Кеңештин, УКМКнын, Орусиянын элчилигинин айланасында жана "Ала-Тоо" борбордук аянтында митинг өткөрүүгө чектөө киргизилген.
Ал эми акциялардын уюштурууга Максим Горький атындагы аянтта уруксат бар.