Биз социалдык тармакта

Ноокенде жаңы медициналык борбор пайдаланууга берилди

Жогорку Кеңештин депутаты Айгүл Карабекова Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Шамшидин Суеркулов атындагы жалпы дарыгердик практика борборунун Сакалды айылындагы жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаңы имарат республикалык бюджеттин эсебинен 79 миллион 319 миң сомго курулуп, заманбап медициналык талаптарга ылайык жабдылган. Борбордун Сакалды бөлүмү учурда Эргеш Алиев айыл аймагынын 36 миңден ашуун тургунуна дарылоо, төрөт, педиатрия, гинекология жана медициналык реабилитация кызматтарын көрсөтүп келет.

Ачылыш аземинде саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүү, медицина кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу, жаш адистерди даярдоо, мекемелерди заманбап жабдуулар менен камсыздоо жана медициналык тейлөөнүн сапатын жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер белгиленди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан