Биз социалдык тармакта

Неймар жана Месси Венесуэладагы кырсыктан жабыркагандарга ири каражат бөлгөндүгү айтылууда

Бразилиялык футболчу Неймар Венесуэлада болгон жер титирөөлөрдөн жабыркагандарга колдоо катары 250 миң доллар которду.

Чет элдик басылмалар билдиргендей, бул каражат куткаруу иштерине жана гуманитардык жардамга жумшалып, миңдеген үй-бүлөлөрдү азык-түлүк, таза суу, дары-дармек жана убактылуу баш калкалоочу жай менен камсыздоого багытталат.

Ошол эле учурда дүйнөлүк футбол жылдызы Лионель Месси жана анын үй-бүлөсү да кайдыгер калбай жардам көрсөткөнү маалыматта кошумчаланды. Мындан тышкары Мессинин жубайы коомдук кайрымдуулук кампаниясын баштап, ал аркылуу 5,4 миллион доллардан ашык каражат чогултту.

Белгилей кетсек, табигый кырсыктын кесепетинен 1450дөн ашык адам каза болуп, 3100дөн ашуун жабырлануучу ооруканада дарыланууда. Ал жакка ар кайсы өлкөлөрдөн 2600гө жакын куткаруучу барып, урандылардын алдында калгандары сактап калуу иштерине катышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан