Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунда балыкчылар менен болгон жолугушууда берген тапшырманын негизинде спорттук жана ышкыбоздук балык уулоого төлөнүүчү акынын өлчөмү төмөндөтүлдү. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, чечим балык уулоону сүйүүчүлөр үчүн шарттарды жеңилдетип, бул багытты дагы жеткиликтүү кылууга багытталган.
Ысык-Көлдө чабак, чабакча жана сазан балыктарын уулоо үчүн жаңы тарифтер:
* 1 суткага – 313 сом;
* 2 суткага – 463 сом;
* 3 суткага – 613 сом.
Жаңы тарифтер ышкыбоз жана спорттук балык уулоого кызыккан жарандар үчүн төлөмдөрдү азайтып, эс алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.