Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Пакистан Ислам Республикасынын Лахор шаарындагы Кыргызстандын ардактуу консулу менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Жолугушууда Кыргызстан менен Пакистан ортосундагы инвестициялык жана соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Тараптар өзгөчө төмөнкү багыттарга көңүл бурушту:
* туризм тармагы
* халал индустриясы
* этти кайра иштетүү жана эт өндүрүү
* санариптик банктык кызматтар
Равшанбек Сабиров Кыргызстан чет өлкөлүк инвесторлор үчүн ачык экенин белгилеп, өлкөдө инвестиция тартууга ыңгайлуу шарттар түзүлүп жатканын айтты. Ал ошондой эле эки өлкөнүн бизнес чөйрөлөрүнүн ортосунда түз байланыштарды кеңейтүү маанилүү экенин белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда кызматташууну тереңдетүүгө жана жаңы өнөктөштүк багыттарды өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдиришти.