Борбор калаа Бишкекте катуу шамал болуп жаткандыктан, коопсуздук максатында аянттагы туу ылдый түшүрүлдү.
Белгиленгендей, буга чейин да катуу шамалдын кесепетинен туу айрылып кеткен учур катталган. Ошондуктан бул жолу алдын ала коопсуздук чаралары көрүлдү.
Тиешелүү кызматтар аба ырайы турукташканга чейин аянттагы объекттерди көзөмөлдөөнү улантат.