Бүгүн, 29-июнда Медербек Алиев ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы Фолькер Фробарт менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жолугушууга ошондой эле депутат Нилуфар Алимжанова жана Жогорку Кеңешке караштуу Парламентти өнүктүрүү жана демократия борборунун директору Наталья Никитенко катышты.
Тараптардын баарлашуусунда Жогорку Кеңеш менен ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин ортосундагы кызматташтык маселелери талкууланды. Өзгөчө мыйзам үстөмдүгүн чыңдоо, мыйзам чыгаруу процессин өркүндөтүү жана эксперттик-техникалык колдоону улантуу багыттарына көңүл бурулду.
ЕККУ тарап Кыргызстандагы парламенттик реформаларды колдоого даяр экенин билдирип, биргелешкен долбоорлорду кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгиледи.
Жолугушуунун соңунда Медербек Алиев ЕККУ өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.