Биз социалдык тармакта

ИИМ Antares Trade иши боюнча социалдык тармактагы билдирүүлөргө түшүндүрмө берди

Ички иштер министрлиги социалдык тармактарда Antares Trade каржы пирамидасына байланышкан кылмыш иши боюнча айыпталуучулардын бири тарабынан таратылып жаткан билдирүүлөргө жооп берди.

ИИМдин маалыматына ылайык, Antares Trade ишмердүүлүгү боюнча кылмыш иши толук жана объективдүү тергелген.

Тергөөдө 2020-жылдын октябрынан 2021-жылдын июлуна чейин бир нече адам алдын ала сүйлөшүп алып, Кыргызстан аймагында каржы пирамидасына окшогон инвестициялык схема уюштурушканы аныкталган. Бул схемага жарандарды тартуу үчүн Бишкектеги соода борборлорунун биринде кеңсе ачылып, жогорку киреше жана кепилденген дивиденддер убада кылынган.

Ошондой эле компания Кыргызстандын юстиция органдарында каттоодон өтпөгөнү жана реалдуу инвестициялык иш жүргүзбөгөнү белгиленген.

Иштин алкагында 50 эпизод бир өндүрүшкө бириктирилип, жабырлануучуларга келтирилген зыян 1 миллион доллардан ашканы айтылды. Тергөө аяктап, иш сотко өткөрүлгөн.

ИИМдин маалыматына караганда, айыпталуучулар сот отурумдарына келбей, учурда издөөдө жүрүшөт. Мекеме тергөө мыйзамсыз жүргүзүлгөн деген билдирүүлөрдү четке кагып, бардык баа сот тарабынан берилерин белгиледи.

ИИМ ошондой эле айыпталуучуларда далилдер болсо, аны социалдык тармактарга эмес, сотко мыйзамдуу жол менен берүүгө чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан