Биз социалдык тармакта

Япониянын футболчулары Дүйнө чемпиондугунан четтегенден кийин күйөрмандарына таазим кылышты (видео)

Япониянын улуттук курама командасынын футболчулары Дүйнө чемпиондугунан четтегенден кийин күйөрмандарына болгон ыраазычылыгын өзгөчө жол менен билдиришти.

1/16 финалда Бразилияга 1:2 эсебинде утулгандан кийин япон футболчулары трибунага барып, аларды колдоп келген күйөрмандарына таазим кылышты. Бул көрүнүш социалдык тармактарда кеңири тарап, көпчүлүктүн суктануусун жаратты.

Беттештин 29-мүнөтүндө Кайсю Сано эсепти ачып, Японияны алдыга чыгарган. Бирок экинчи таймда Бразилия оюнду өз пайдасына өзгөртө алды. 56-мүнөттө Каземиро эсепти теңесе, кошумча убакыттын 90+6-мүнөтүндө Габриэл Мартинелли жеңиш голун киргизди.

Бул жеңиш менен Бразилия Дүйнө чемпиондугунун кийинки баскычына жолдомо алып, 1/8 финалда Кот-д'Ивуар менен Норвегиянын беттешинин жеңүүчүсү менен ойнойт. Ал эми Япония турнирдеги оюндарын жыйынтыктады.

Япониянын футболчулары Дүйнө чемпиондугунан четтегенден кийин күйөрмандарына таазим кылышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан