Жай мезгилинин эң ысык күндөрү башталганда күндүн түз нуру адамдын ден соолугуна олуттуу коркунуч жаратышы мүмкүн. Өзгөчө абанын температурасы кескин көтөрүлгөн учурларда күн алдында көпкө жүрүү күн өтүүгө, организмдеги суунун азайышына жана башка кооптуу абалдарга алып келет. Адистер мындай учурларда этият болуп, жөнөкөй коопсуздук эрежелерин сактоо өтө маанилүү экенин эскертишет.

Дарыгерлердин айтымында, күн өтүү ар кандай деңгээлде болушу мүмкүн. Алгачкы белгилери байкалганда эле чара көрүү оор кесепеттердин алдын алууга жардам берет. Эң оор – үчүнчү деңгээлде адамдын абалы кескин начарлап, башы айланып, айлана-чөйрөнү жакшы байкай албай калат. Айрым учурларда көзүнө ар кандай элестер көрүнүп, денеси тырышып, ал тургай эсин жоготушу мүмкүн.
Мындай абал адамдын өмүрүнө коркунуч жаратышы мүмкүн болгондуктан, дароо медициналык жардамга кайрылуу зарыл.

Адистер күндүн зыяндуу таасиринен сактануу үчүн төмөнкү эрежелерди сактоону сунушташат:
Дарыгерлер ысык аба ырайында өзгөчө балдарга, улгайган адамдарга, кош бойлуу аялдарга жана өнөкөт оорулары бар жарандарга өзгөчө көңүл буруу керектигин белгилешет. Алар күндүн ысыгына эң сезимтал топтордун катарына кирет.

Адистердин айтымында, жөнөкөй сактык чараларын сактоо күн өтүүнүн жана ысыктан улам пайда болгон ден соолук көйгөйлөрүнүн алдын алууга жардам берет. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүп, аптаптуу күндөрдө ден соолугуңузду коргоону унутпаңыз.