Социалдык тармактарда мамлекеттик туу тоодо буюмдарды байлоого колдонулгандыгы тууралуу маалымат тарады. Окуя Бишкек альпинизм лагери аймагында, "Ала-Арча" альплагеринен 16–19 чакырым түштүктө катталган деп айтылууда.
Бул факт Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, текшерүү иштери башталды. Учурда милиция окуянын бардык жагдайларын тактоодо.
Расмий органдар мамлекеттик символдорго урмат-сый менен мамиле кылуу зарылдыгын эскертип, мыйзам боюнча аларды туура эмес колдонууда жоопкерчилик каралганын белгилешти.
Чүй облустук милициясы текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат бериле тургандыгын кошумчалады.