Аксы районунда кар көчкүнүн алдында калган 5 адамдын экөөсүнүн сөөгү
табылды. Алар 1975-жылы туулган Таалай Айталиев жана 1993-жылы туулган Мунарбек
Апсалбек уулу. Бул туурасында ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жоголгондорду издөө иштерине 100дөй жергиликтүү эл
жана куткаруучулар тартылган. Учурда калгандарын издөө иштери уланып жатат.