Алимент төлөөдөн качкандар камакка алынышат. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын прокурорлордун сот өндүрүшүнө катышуусу жана сот чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын прокурору Үмүтбек Жолдубаев "Биринчи радиого" билдирди.
Анын айтымында, алимент төлөөчүнүн бир жылдан ашык карызы болсо, анда ал бир жылга камакка алынат же 100 сааттан 200 саатка чейин кара жумушка тартылат. Эгер жарандын алимент боюнча карызы эки жылдан ашып кетсе, үч жылга чейин эркиндигинен ажыратылат. Ал мындай иш менен абакта отургандар үй камагына чыгарылбастыгын кошумчалады.