
Кечээ, 29-июнда Ош шаарынын мэри
Жанар Акаев Эне-Сай жаңы конушуна барып, жолду кеңейтүү иштерине байланыштуу турак жайлары бузулуп, компенсация катары жаңы үй менен камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жашоо шарты менен таанышты.
Мэрия билдиргендей, жолугушууда калаа башчысы жолду кеңейтүү долбоорлору шаар үчүн стратегиялык мааниге ээ экенин белгилеп, ошол эле учурда жарандардын кызыкчылыгы биринчи орунда турарын айтты.
"Эне-Сай жаңы конушундагы турак жайлар жолду кеңейтүү долбоорлорунун алкагында турак жайы алынган жарандарга мыйзамда каралган компенсациянын негизинде берилүүдө. Учурда Ош көчөсүнөн 6 үй-бүлө Эне-Сай жаңы конушуна көчүрүлдү. Жакынкы күндөрү дагы 12 үй бүлө кенемтесин алат",- деп белгиленди маалыматта.