Ички иштер министрлиги психотроптук заттарды мыйзамсыз сатууга шектелип 21, 22, 28, 41 жана 54 жаштагы жарандар кармалышканын билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 54 жаштагы аял киши кылмыштуу иштин уюштуруучусу болгон. Анын жашаган жеринен П препаратынын 8551 даанасы, Т препаратынын 7687 флакону, Г препаратынын 1707 даанасы, ошондой эле кылмыштуу аракеттен түшкөн деп болжолдонгон 2 миллион 450 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаты табылган.
Ал эми психотроптук заттардын болжолдуу жалпы баасы 12 миллион сомго жакын экендиги аныкталган. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.