Биз социалдык тармакта

Кыргызстанда жайкы электр энергиясын керектөө боюнча рекорддук көрсөткүч катталды

Кыргызстанда жай мезгилиндеги электр энергиясын керектөө боюнча рекорддук көрсөткүч катталды.

“Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомунун маалыматына ылайык, 2026-жылдын 29-июнунда өлкөнүн энергосистемасында суткалык электр энергиясын керектөө 47 миллион 112 миң киловатт-саатка жеткен.

Бул байкоолор тарыхындагы жайкы мезгил үчүн эң жогорку көрсөткүч болуп калды.

Салыштыруу үчүн айтсак, 2025-жылдын 29-июнунда электр энергиясын керектөө болжол менен 40 миллион киловатт-саатты түзгөн.

Мекеменин маалыматы боюнча, жүктөмдүн өсүшү көп кабаттуу турак жайлардын, социалдык жана өндүрүштүк объектилердин активдүү курулушу жана пайдаланууга берилиши, ошондой эле электр энергиясын керектөөчүлөрдүн санынын жыл сайын көбөйүшү менен байланыштуу.

Орточо эсеп менен өлкөдө электр энергиясын пайдалануучулардын саны жылына 30 миңге жакын абонентке көбөйүп турат.

Компания учурда Кыргызстандын энергосистемасы штаттык режимде иштеп жатканын билдирди. Ошол эле учурда жогорку жүктөм шартында электр энергиясын үзгүлтүксүз жеткирүү үчүн тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Энергетиктер жарандарды электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырып, колдонулбай жаткан тиричилик шаймандарын өз убагында өчүрүп турууну сунуштады.

Белгилей кетсек, кыш мезгилинде энергосистемага түшкөн жүк адаттагыдай эле кыйла жогору болот. Мисалы, 2024-жылдын декабрь айында суткалык электр энергиясын керектөө дээрлик 79 миллион киловатт-саатка жеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан