Бүгүн, 30-июнда президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин, укук коргоо жана сот органдарынын жетекчилерин чогултуп, республикалык кеңешме өткөрдү.
Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекет башчысы элдин негизги көйгөйлөрү – ичүүчү суу, жол, ирригация, жер маселеси жана муниципалдык кызматтар сыяктуу маселелер борборго жетпей эле жеринде чечилиши керектигин белгиледи. Анын айтымында, жоопкерчиликти бири-бирине түртүп, маселелерди айлап-жылдап создуктурууга жол берилбейт.
“Жоопкерчиликти бир мекемеден башкасына, бир жетекчиден экинчисине түртүп, убакыт өткөргөн мезгил бүттү. Элге шылтоо эмес, мыйзамдуу жана өз убагында кабыл алынган адилеттүү чечим керек. Эл силерди издеп, мекеме эшиктерин каккылап, зар какшагандан кийин гана иштей баштаган систем да бүтүшү керек. "Асмандан жылдыз алып бергиле” деген жери жок”,- деди президент.
Мамлекет башчысы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү эл менен үзгүлтүксүз жолугушуп, көйгөйлөрдү алдын ала аныктап, ыкчам чечүүгө тийиш экенин айтты. Ошондой эле облустагы өкүлдөрдүн, акимдердин жана мэрлердин ыйгарым укуктары кеңейтилгенин белгилеп, алар өз аймагындагы мамлекеттик саясаттын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартарын билдирди.
Мамлекет башчысы мамлекеттик башкаруу жаатында кабыл алынган бир нече чечимдерди санап өттү:
Жыйындын соңунда Садыр Жапаров жетекчилерди бюрократиядан алыс болуп, бир команда катары иштөөгө чакырып, жыл аягында аткарылган иштер боюнча кайрадан кеңейтилген жыйын өткөрүлөрүн билдиргени маалыматта кошумчаланды.