Ысык-Көлдүн Каракол шаарында 12 кабаттуу мейманкананын курулушунда мыйзам бузулгандыгы аныкталган.
Курулуш министрлиги маалымдагандай, курулуш иштери макулдашылган долбоордук документациядан четтөө менен жүргүзүлүп жаткан. Мындан улам “Мега Прим” ЖЧКсына протокол түзүлүп, 200 миң сом өлчөмүндө айып салынган.