Бүгүн, 30-июнда Ош облусунун Гүлчө шаарында ипотекалык турак жай комплексинин курулушуна старт берилди.
Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришкендей, "Хан-Теңири-8" турак жай комплекси жалпы 702 батирге ылайыкталып, Алай районундагы эң ири турак жай долбоорлорунун бири болуп саналат.
Долбоорго ылайык, 12 тогуз кабаттуу турак үй курулат. Анда 324 бир бөлмөлүү, 324 эки бөлмөлүү жана 54 үч бөлмөлүү батир жайгашат.