
Ырчы, дастанчы
Азиз Батыров жубайы экөө уулдуу болду. Кубанычтуу кабарын ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу бөлүштү.
"Бүгүн төртүнчү жолу ата болуу бактысына ээ болдум. Жубайым, балдарымдын мээримдүү апасы Максатайга терең ыраазычылык билдирем. Сенин аман-эсен көз жарып, бизге дагы бир уул белек кылганың үчүн чоң рахмат. Кудайым сага бекем ден соолук, узун өмүр жана ар дайым бакыт-таалай берсин. Сени менен сыймыктанам, сени менен бактылуумун",- деп жазды өз билдирүүсүндө.
Ошондой эле ырчы куттуктаган күйөрмандарына ыраазычылык билдирди.