Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын чабуулчусу Кожо Жоэл Өзбекстандын "Навбахор" клубунун оюнчусу болду.
Кыргыз футбол биримдиги билдиргендей, футболчу Ирандын "Эстегляль" клубунан кетип, жаңы команда менен сезондук келишимге кол койду.
Маалымат үчүн: "Навбахор" Наманган шаарынын клубу. Өзбекстандын жогорку дивизиону болгон суперлигада ойнойт жана өлкө футболунун туруктуу катышуучуларынын бири болуп эсептелет.