Баткен облусунун Кадамжай районунда балдар үйүндө тарбияланып жаткан өспүрүм каза болду.
Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, өспүрүмдүн ден соолугу күтүүсүздөн начарлап, эс учун жоготкон. "Тез жардам" кызматы жүрөк ишинин токтошу деп белгилеп, биологиялык өлүм деп каттаган.
Алгачкы кароонун жүрүшүндө маркумдун денесинен ур-токмок же башка жаракат белгилери аныкталган эмес. Учурда окуя боюнча тиешелүү укук коргоо органдары тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.