Бишкектин Ленин районунда мыйзамсыз батир ижарага берүү фактыларын аныктоо боюнча рейд өткөрүлдү.
Аймактык администрациядан билдиргендей, текшерүүдө 83 батир каралып, үч батир ээси турак жайын мыйзам талаптарын сактабастан ижарага берип жүргөнү аныкталды.
Мындан тышкары тургундардан 17 түшүндүрмө алынып, материалдар тиешелүү органдарга жөнөтүлдү.
Шаар бийлиги батирди ижарага берүү мыйзамга ылайык жүргүзүлүшү керектигин эскертип, мындай рейддер мындан ары да уланарын билдирди.