Ош шаарына “Көчмөндөр жолу” аттуу эл аралык мотожүрүштүн катышуучулары келишти. Борбордук аянтта аларды Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова тосуп алып, шаар мэриясынын атынан белектерди тапшырып, ийгиликтүү сапар каалады.
Шаардык мэриядан билдиришкендей, мотожүрүш 2016-жылдан бери Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы достукту чыңдоо жана аймактын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн дүйнөгө таанытуу максатында өткөрүлүп келет.
Быйылкы экспедицияга 100дөн ашуун мото-саякатчы катышууда. Алар Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын өкүлдөрү. Катышуучулар Жалал-Абаддан Ошко келип, андан соң Баткен аркылуу Тажикстанга сапарын улантышат.