Биз социалдык тармакта

Катар: “Иран-США ортосундагы техникалык сүйлөшүүлөр уланууда”

Катардын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Маджид аль-Ансари басылмаларга билдиргендей, Иран менен АКШнын ортосундагы техникалык деңгээлдеги сүйлөшүүлөр ортомчулардын катышуусунда токтогон жок.

Анын айтымында, Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы сүйлөшүүлөрдү жеңилдетүү үчүн ортомчулар ишин улантып келет.

Ошол эле учурда АКШнын атайын өкүлү Стив Уиткофф жана Жаред Кушнер Дохага келип, Иран өкүлдөрү менен түз жолугушуу өткөрүшпөйт. Алар сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүн катарлык ортомчулар менен гана талкуулашат.

Маалыматка ылайык, Иран менен АКШ Катар жана Пакистандын ортомчулугу менен төрт жумушчу топ түзүп, 17-июнда кол коюлган аскердик аракеттерди токтотуу меморандумунан кийин туруктуу тынчтык келишимин иштеп чыгуу боюнча иш алып барууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан