Президент Садыр Жапаров күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жергиликтүү бийлик менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө тийиш экенин билдирди.
Анын айтымында, мындан ары эч ким “күч органдары укпай койду” деген жүйөнү айтпашы керек. Эгер облус жетекчиси жыйынга чакырса, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү сөзсүз катышууга милдеттүү.
Президент ошондой эле жыйындарда көтөрүлгөн бардык маселелер жеринде каралып, берилген тапшырмалар ыкчам аткарылып, анын жыйынтыгы тууралуу өз убагында маалымат берилип турушу керектигин белгиледи.