Биз социалдык тармакта

Конгодо эбола вирусунан каза болгондордун саны айтылды 

Конгодо эбола вирусун жуктуруп алган жарандардын саны 1333кө жетти. Анын ичинен 399 адам каза болгон. Мындай маалымат өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги жарыялаган билдирүүдө айтылат.

Ал эми илдеттен 189 адам айыгып чыккан. Учурда 615 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө. Вирус негизинен Итури, Түндүк Киву жана Түштүк Киву провинцияларында көп катталган.

Эске салсак, Конго менен Угандада эбола вирусунун жайылышы май айынын башында белгилүү болгон. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бул кырдаалды эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал деп баалаган. Адистер жаңы вакцина иштеп чыгууга алты айдан тогуз айга чейин убакыт талап кылынарын айтышууда.

Маалымат үчүн: Эбола – өтө кооптуу вирустук инфекция болуп эсептелет. Бул вирус биринчи жолу 1976-жылы Африкада, Конго Демократиялык Республикасында жана Судан аймактарында катталган. Оорунун табигый булагы катары жарганаттар, маймылдар эсептелет. Вирус аталган жаныбарлар аркылуу адамга жугушу мүмкүн. Ал эми адамдан адамга кан, дене суюктуктары же булганган буюмдар аркылуу өтөт. Ошондуктан оорулуу адамга жакын байланышта болуу эң чоң коркунуч жаратат.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан