Кытайдын аймагында кечээ, 30-июнда саат 16:35те күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди.
Маалыматка ылайык, жер силкинүүнүн очогу Ош шаарынан 157 чакырым түштүк-батыш тарапта жайгашкан.
Кыргызстандын калктуу аймактарында жер титирөө сезилген жок.