Футбол-2026: Франция – Швеция беттешинде Килиан Мбаппе мыкты оюнчу болду
Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун 1/16 финалында Франция Швецияны 3:0 эсебинде жеңди. Бул беттештин эң мыкты футболчусу Килиан Мбаппе болгонун ФИФАнын расмий сайты билдирди.
Мбаппе бул беттеште эки гол киргизип, командасынын ири жеңишине чоң салым кошту. Анын экинчи голу турнирдеги алтынчы голу болуп, ал чабуулчулардын тизмесинде Лионель Месси менен теңелди.
Белгилей кетсек, буга чейин француздар Норвегияны 4:1, Иракты 3:0 жана Сенегалды 3:1 эсебинде утуп алышкан. Ал эми Дүйнө чемпиондугунун 1/8 финалында Франциянын курама командасы 5-июлда Парагвайдын курама командасы менен беттешет.