1-июлдан баштап Бишкек шаарындагы муниципалдык коомдук транспортто жол кирени электрондук түрдө төлөө системи толук иштей баштайт.
Мэриядан билдиргендей, жүргүнчүлөр жол кирени "Тулпар" транспорттук картасы, Visa, Mastercard, "Элкарт" банктык карталары, QR-коддор жана башка электрондук төлөм кызматтары аркылуу төлөй алышат.
"Тулпар" транспорттук картасы жок жүргүнчүлөр үчүн Pay24 төлөм терминалдарынан бир жолку электрондук билет сатып алуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. Ал үчүн билеттеги QR-кодду коомдук транспорттогу валидаторго тийгизүү жетиштүү. Ошондой эле "Тулпар" транспорттук картасын колдонгон жүргүнчүлөр биринчи төлөм жасалган учурдан тартып 60 мүнөттүн ичинде муниципалдык коомдук транспортто төрт жолуга чейин акысыз кайра отуруп жүрө алышат",- деп белгиленген маалыматта.