Биз социалдык тармакта

Саламаттык сактоо министрлигине "Тез жардам" унаалары берилди (сүрөт)

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Саламаттык сактоо министрлигине 9 "Тез жардам" унаасын өткөрүп берди.

Унааларды тапшыруу аземине саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов жана өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов катышты.

"Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Саламаттык сактоо министрлиги көп жылдардан бери бирдиктүү команда катары иштеп келет. Өзгөчө кырдаалдарда, кырсыктарда жана башка окуяларда дал ушул куткаруучулар менен медицина кызматкерлеринин биргелешкен иш-аракеттери адамдардын өмүрүн сактап калууга жардам берет. Бул унаалардын өткөрүлүп берилиши — биздин натыйжалуу өз ара кызматташуубуздун жана бири-бирибизди колдогонубуздун кезектеги далили болуп саналат",- деп белгиледи Дамир Осмонов.

Өткөрүлүп берилген унаалар саламаттык сактоо уюмдарынын автопаркын толуктап, калкка тез медициналык жардам көрсөтүү үчүн колдонулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан