Биз социалдык тармакта

Сүймөнкул Чокморовдун кароосуз калган үйү музейге айланат (видео)

Актёр жана сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун туулуп-өскөн үйү музейге айланат. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Арслан Койчиев Фейсбуктагы баракчасынан билдирип, видеолорду бөлүштү.

Анын айтымында, кыргыздын чыгаан уулдарынын бири болгон сүрөтчүнүн үйү, өнөрканасы жана короосу көп жылдан бери кароосуз калган. Президент Садыр Жапаров бул жайды кыска мөөнөттө иретке келтирип, оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүнү жана аны эл аралык деңгээлдеги музейге айлантууну тапшырды.

Белгилей кетсек, Чокморов 1939-жылы 9-ноябрда Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Чоң-Таш айылында туулган. Ал 1992-жылы 53 жаш курагында 20 жыл бою күрөшүп келген ал кездеги сейрек кездешүүчү "Поликистоз" аттуу катуу оорудан кийин көз жумган.

Президенттин тапшырмасы менен Сүймөнкул Чокморовдун кароосуз калган үйү музейге айлантылат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан