Талас шаарындагы Баатырлар паркында төшөлгөн тротуар таштарынын сапаты боюнча социалдык тармактарга тараган видеого байланыштуу мэрия түшүндүрмө берди.
Мэриянын маалыматына ылайык, муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Кубан Жыргалбаев учурда бул факт боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатканын билдирди. Териштирүүнүн жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилери айтылды.