Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков "Баатырлар аллеясындагы" сапатсыз делген таман таштарды текшерди. Анын текшерүүгө алган учурдагы видеосу соцтармактарга тарады.
Асылбеков таман таштарды бири-бирине ургулап көрүп, оңою менен сынбастыгын айткан.
Эске салсак, Бишкек шаарынын мэринин орун басары Азамат Кадыров да сапатсыз делген курулуш материалдарын желмаян менен сүздүрүп текшерүүгө алган.