Мехикодогу Эгемендүүлүк периштеси аянтына майрамдап чыккан жарандардын саны миллиондон ашты. Анткени мексикалыктар өз курама командасынын футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун 1/8 финалына чыкканын майрамдап жатышат.
Жааган жаан да күйөрмандарга тоскоол болгон жок. Бул жолу майрам фейерверктер менен коштолуп, чыныгы майрамдык маанай өкүм сүрүүдө.
Өз талаасында оюн өткөрүп, башка курамаларды кабыл алып жаткан Мексиканын көрсөткүчү мыкты:
Эскерте кетсек, Мексика чейрек финалга жолдомо алуу үчүн Англия менен Конгонун оюнунда жеңүүчү болгон курама менен беттешет. Оюн 6-июлда болот.